Россия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын жойду

13 декабря 2017 12:43 545 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков  2017-жылдын 8-декабрында, буга чейинки берилген насыялар боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карыздарын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

2017-жылы март айына карата, Кыргызстандын Россияга карыздарынын суммасы берилген мамлекеттик насыя боюнча 240 000 000 АКШ долларын түзгөн.

Карыздарды жоюу Россия Федерациясынын көрсөткөн расмий жардамдын алкагында ишке ашууда.

Мындай мыйзам 2017-жылы 2-ноябрда Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынып, «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган жана күчүнө кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/content9735



Добавить комментарий