Кыргызстанда «Джабхат-Ан-Нусра» террор уюмунун мүчөсү кармалды

12 декабря 2017 15:18 422 Barometr
Поделиться в:
ok

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылы 30-ноябрда, Жалал-Абад областынын тургуну, 1996-жылы туулган Э.И. аттуу жаран кармалды. Ал 2014-жылы Россия Федерациясы аркылуу Түркияга учкан, ал жактан Сириянын аймагына келип, диверсиялык-согуштук даярдыктан өткөн жана «Джабхат-Ан-Нусра» террор уюмунун курамына кирген.

Азыркы тапта 299-2 жана 375-беренелери (Экстремисттик материалдарды алуу, сактоо, даярдоо, өткөрүү, жайылтуу, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символика же атрибуттарын атайылап колдонуу), (Жалдануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу тергөө жайына киргизилип, башка катышуучуларды аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content9712



Добавить комментарий