Метродо жылаӊачтанып алган жаран жүргүнчүлөрдүн үрөйүн учурду
Поделиться в:
Киевдеги метродо толугу менен жылаӊачтанып алган эркек киши «Красный хутор» станциясындагы жүргүнчүлөрдү коркуткан.
Видероликте жылаӊач жаран шашпай элди аралап, тамеки чегип жатканын көрүүгө болот. Ага артынан бир канча метр аралыкта турган полиция кызматкерлери менен метронун жумушчулары байкоо салып турат.
Бир убакта жаран тартип сакчылары жана күзөтчүлөргө барып аларды кучактап жатып калган. Алар поездден чуркап чыгышкан.
Андан кийин ал машинисттин бөлмөсүнө кирип бекинип алып, поезди жүргүзүүгө аракет жасаган.
Бирок укук коргоо органдары каалганы талкалап кызыктай жүрүм-турумдагы адамды сыртка алып чыгышкан. Жаран дарыгерлердин текшерүүсүнө жөнөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content9709
Добавить комментарий ×