Эми Бишкекте 4590-4690 сом төлөп, 3 саатта паспорт алууга болот
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунда жарандар паспортту 3 иш саатта ала алышат. Ал эми Чүй облусунун (Кант, Токмок шаарларында, Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Москва, Аламүдүн райондорунун) тургундары ID-картты же жалпы жарандык паспортту 8 иш саатында алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. "Убакыт арыз ээсинин маалыматтары "Паспорт" автоматташтырылган системи менен жиберилген убактан тарта эсептеле баштайт жана иш сааттар менен саналат. Мисалы, Токмок шаарынын тургуну саат 14:00дө документтерин тапшырса, анын паспорту кийинки күндүн ошол эле убагында берилет", - деп айтылат маалыматта. Банктын кызматын, мамлекеттик салыкты, бланк үчүн төлөмдү кошпогондо ID – карт алуу (3/8 саатта) - 4455 сом, ал эми жалпы жарандык паспорт (3/8 часов) 5165 сомду түзөт. ID – карттын бланкасы 99 сом, банктын кызматы 36 сом. Жалпы жарандык паспорттун бланкасы 302 сом, банк кызматы 33 сом.
Ссылка: https://barometr.kg/content969
Добавить комментарий ×