Үркүндүн 100 жылдыгына карата “Ажар” cпектакли коюлду
Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Кыргыз Эл жазуучусу, котормочу Касымалы Баялиновдун “Ажар” спектакли коюлду. Эгемберди Чалабаев режиссерлук кызматты аркалады. Ажардын ролун Назгүл Таласбек кызы ойноп, мындан тышкары КРнын Эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева жана жаш актёрлор Нуржаасын Жумагулов, Кымбат Алимжанов жана башкалар болуп жалпысынан 27 артист роль жаратышты. Спектаклды коюу үчүн каражатты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бөлүп берген. “Ажар аркылуу кыргыздын кыздарынын бийиктигин жана намыстуулугун көрсөткүбүз келди. Бул бүгүнкү күндө абдан актуалдуу маселе. Бул спекталды жаратыш үчүн Бакен Кыдыкеева театрынын бардык артисттери иштешти. Бир жарым ай даярдык көрдүк”, - дейт “Ажар” спектаклинин койгон режиссёру Эгемберди Чалабаев
Ссылка: https://barometr.kg/content968
Добавить комментарий ×