Өзбекстан жаңы көмүр бассейнин куруп жатат

28 февраля 2017 16:25 422 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын көмүр өнөр жайынын борбору Ташкент шаарынан 78 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Ангрен шаары эсептелет. Анан калса, Ангренде Өзбекстандагы жападан жалгыз жер астындагы көмүрдөн газ өндүрүүчү бекет орун алган. Өзбекстан Ангрендеги көмүр бассейнинде 165 миллион доллар наркындагы дагы бир жаңы көмүр шахтасын курмак болууда. Бул тууралуу CA-NEWS (UZ) массалык маалымат таркатуу каражаттарына шилтеме берүү аркылуу билдирди. Ангрендеги бул долбоорду ишке ашыруунун наркы 165 миллион долларга барабар. Өзбекстанда көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 5,7 миллиард тоннага жетет, ал эми иликтенип аныкталган көмүр запасы 1,9 миллиард тоннаны түзөт, анын 1,85 миллиард тоннасы күрөң көмүр болсо, 47 миллион тоннасы таш көмүр эсептелет

Ссылка: https://barometr.kg/content965



Добавить комментарий