Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: “Депутаттардын Жогорку Кеңештин комитеттеринде жана жалпы жыйындарына катышуусу бул маселе абдан маанилүү...”
2017-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында 8-маселе депутаттардын комитеттерге жана жыйындарга катышуу боюнча каралды. Бул маселе боюнча сөз алып сүйлөгөн депутат Осмонбек Артыкбаев бул маселе өтө маанилүү экендигин айтып, эл тагдыры чечиле турган маселелерде депутаттар өз пикирин билдириши керектигин айтты. “Бул маселе абдан маанилүү. Жогорку Кеңештин пленардык жана комитеттердин жыйындарында өтө маанилүү маселелер каралып чечилип жатат. Маселелер боюнча жалпы талкуу болуп, ошонун негизинде чечим кабыл алып жатабыз. Мындай процесттерде сөзсүз түрдө ар бир депутат активдүү катышып, өз ойлорун айтышы зарыл” –десе комитеттин Төрайымы Асел Кодуранова “биз дагы бул маселени эске алып, комитетке жана жыйындарга келбеген депутаттарга кат жөнөтүп жатабыз. Депутаттар бизге түшүндүрмө берип жатышат. Алардын маанилүү себептери болсо атайын жооп беришет. Маанилүү себептери болбосо депутатты жоопкерчиликке чакыруу иштерин карап жатабыз. Депутаттарды дагы мыйзамдуу болууга чакыруу керек. Бул чечимди Төрагага жөнөтөбүз, ал жактан кандай чаралар көрүлөт чечилет”-деп айтып өттү. Комитеттин Төрайымынын бул сөзүнө макул болгон Осмонбек Мамбетжанович “негизинен палатада депутат чыкыйып эле ордунда олтура бербеш керек. Депутаттын ар кандай иштери бар. Шайлоочулары менен жолугат, конференцияларга, талкууларга катышат. Жалаң эле жыйында эмес башка жакта да иштейт. Эң башкысы жыйын убагында каттоодон өтүп, керектүү маселелерде активдүү иштерди жүргүзө берет. Ушул жагына биз туура мамиле жүргүзүшүбүз керек. Бирок себепсиз келбей калганда депутат жооп бериш керек”-деп айтты. Бул маселе тууралуу депутат “ Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйындарында өлкөнүн экономикалык, социалдык өнүгүүсү тууралуу жана саясий маанилүү маселелер талкууланат, чечимдер кабыл алынат. Мына ушул тез кабыл алынуучу чечимдерде ар бир депутат активдүү катышышы керек. Жалпы жыйында кворум абдан маанилүү нерсе. Ушул нерсеге байланыштуу депутаттар себепсиз жумушка келбей коюшу маанилүү чечимдерди кабыл алууну үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Себепсиз Эл өкүлү жумушка келбей калса кворум болбой, маанилүү чечимдерди кабыл алганга тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгерде жыйынга же комитетке келбей калса жалпы эле жарандар сыяктуу жоопкерчилик тартуусу зарыл”-деп
Ссылка: https://barometr.kg/content961
Добавить комментарий ×