Карызы бар 1500 абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

7 декабря 2017 14:41 834 Barometr
Поделиться в:
ok

«Түндүкэлектр» коому, төлөмдү өз мөөнөтүндө төлөбөй койгон 1500 абоненттин электр энергиясын өчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өчүрүү дистанциялык аралыкта жүргүзүлөт. Азыркы тапта абоненттер ишканага 8 млн сом карыз.

Бишкектик тургундар электр үчүн акыны толук төлөгөндөн кийин, электр жабдыгы күйгүзүлөт. Кишинин катышуусу жок, автоматташтырылган система приборду күйгүзүүгө белги жиберет.

Кыш мезгилиндеги ыӊгайсыздыктарды болтурбоо үчүн, акционердик коому абоненттерди тез арада карызын төлөөгө чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9545



Добавить комментарий