Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “Алмамбет эле эмес, ар бир адам бийликти сындап жатканда өзү таза болушу керек”
Бүгүн “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКда мурдагы Адилет министрлигин башкарып турганда тендерди туура эмес өткөргөн деген кине менен сурак берип жатат. Депутат мыйзам алдында жооп бериш керекпи же бул саясый буйрукпу? Эки тараптын пикирин угуп көрдүк.
- Өмүрбек байке, бүгүн мурдагы партиялашыңыз Алмамбет Шыкмаматов УКМКда сурак берип жатат. Ага коюлган күнөө боюнча жооп бериши керек беле?
- Алмамбет гана эмес, ар бир адам бийликти сындап жатканда биринчи өзү таза болушу керек. Алмамбет ошол тендер өткөрүп жаткан мекеменин башында турса, тендерде аялынын машинасын сатса албетте мыйзам алдында жооп берүүгө милдеттүү.
Бирок мынай пикирге жакш активист Адиль Турдукулов макул эмес.
“Мен муну саясый куугунтук деп эле айтам. Буга чейин болуп келген саясый куугунтуктун уландысы. УКМКда алты сааттан ашык кармап жатканы дагы саясый буйрук деп эсептейбиз”, -дейт ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content954
Добавить комментарий ×