Путин алдыдагы президенттик шайлоолорго катышарын билдирди

7 декабря 2017 12:12 856 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин алдыдагы президенттик шайлоолорго катышат. Бул тууралуу президент Төмөнкү Новгороддогу «ГАЗ» (Горьков авто заводу)заводунун жумушчулары менен болгон жолугушууда билдирди.

"Бүгүн сизден президенттик шайлоодо талапкерлигиӊизди коюсузбу деп сурашты, сиз эгер эл колдосо ооба дедиӊиз. Анда ушул залда отургандардын баары сизди колдойт! Владимир Владимирович, бизге белек кылыӊызчы – чечимиӊизди жарыяласаӊыз! Биз, ГАЗ заводу сизге добушубузду беребиз!" – деди участканын башкы мастери Артем Баранов.

Аталган заводдун 85-жылдык маарекесинде Путин буга жооп катары: "Колдооӊуздарга ырахмат. Мен Россия Федерациясынын президенттик кызматына талапкерлигимди коем", -деди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9532



Добавить комментарий