Айыл чарба министрлиги ветеринарларды окутуу, жана жайыттарды туура пайдалануу боюнча тренингдерди жер-жерлерди кыдырып өткөрүп жатышат

24 февраля 2017 14:13 1358 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан иштеп жаткан “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында тренингдер өткөрүлүп жатат. Долбоор Талас жана Чүй облусун камтыйт. Окутуулар Ветеринардык палатанын адистери тарабынан жүргүзүлүүдө. Буга чейин Талас облусунун төрт районунда өткөрүлгөн. Учурда Чүй облусунун райондорунда болуп өттү. Кезектеги окутуу Ысык-Ата районунда жеке ветеринарлардын, мал чарба адистеринин катышуусунда болуп өттү.  Тренингдин негизги максаты – ветеринардык кесиптин потенциалын көтөрүү, Кыргыз Республикасынын ветеринардык органдары, долбоор туурасында маалымат берүү, айыл аймагынын деңгээлинде малдын ден-соолугун коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү, жайыт жерлерин туура башкаруунун жолдорун өздөштүрүү болуп саналат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content951



Добавить комментарий