Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

5 декабря 2017 12:41 551 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө президентке, аткаруу бийлигинин жана башка мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө жолу менен өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоону камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Ошондой эле президентке Индира Жолдубаева прокуратура органдарынын коррупцияга каршы ишмердигиндеги негизги багыттар туурасында айтып берди.

Сооронбай  Жээнбеков коомдо укук коргоо, күч жана сот  органдарындарынын ишмердигиндеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча көп нааразычылыктар бар экендигин белгиледи. “Прокуратура  мамлекеттик структуралардагы  коррупцияга каршы тынымсыз  жана келишпес  күрөш жүргүзүп, мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин сакталышын катуу көзөмөлдөп, коомдун  укуктук негиздерин коргоого милдеттүү. Мыйзамдардын так жана кыйшаюусуз аткарылышын катуу көзөмөлдөп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарыл”, - деп баса белгиледи президент.

Ссылка: https://barometr.kg/content9452



Добавить комментарий