Бек Борбиев: «Чубак ажынын жеке жашоосуна кийлигишүүгө укугуӊар жок»

5 декабря 2017 11:47 3428 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы Бек Борбиев экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду жактап чыкты. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Бек Борбиев, адамдар Чубак ажынын жеке жашоосуна кийлигишүүгө акысы жок деп эсептейт.

"Бирөөнүн жеке жашоосун талкуулагандан уялбайсыӊарбы? Чубак ажынын канча никеси бар, аялын жакшы көрөбү-жокпу силердин кандай ишиӊер бар. Өзгөчө, бул теманы апыртып жиберген эркектер кыжырга тиет", - деп нааразы болду ырчы.

Белгилесек, кечээ, 4-декабрда, Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, сурак учурунда Чубак ажы иликтөөчүнүн суроолоруна жооп берип жатып, анын экинчи аялы жок экенин айткан.

"Чубак ажы биринчи аялы менен гана расмий никеде турарын айтты, ал эми видеодо билдирген экинчи аял тууралуу ал аны сүйүктүүм деди", - деп билдиришкен басма сөз кызматынан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9446



Добавить комментарий