Абдирасулова: «Чубак ажы мынтип эмнеге тамашалайсыз?»

5 декабря 2017 09:29 3101 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун милицияда сурак учурундагы билдирүүлөрүн келекеледи.

Демек, кечээ, 4-декабрда, Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, сурак учурунда Чубак ажы иликтөөчүнүн суроолоруна жооп берип жатып, анын экинчи аялы жок экенин айткан.

"Чубак ажы биринчи аялы менен гана расмий никеде турарын айтты, ал эми видеодо билдирген экинчи аял тууралуу ал аны сүйүктүүм деди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Азиза Абдирасулова соцтармакта Чубак ажыга шылдыӊ иретинде мамиле жасады.

"Урматтуу ажы сиз эмнеге мынтип тамашайлсыз? Анткени мен сиздин айткандарыӊыздын баарын чын деп кабыл алгам. Анда мен бекер эле прокуратуранын тынчын алдымбы? Ой, жөн эле тамаша деп айтып койсоӊуз болмок экен. Сизге карата арызымды кайра алыш керекби эми", - дейт укук коргоочу.

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген болчу.

Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.

"Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Соцтармактарда бул видео талкууга алынды.

Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү адамдардын нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар Чубак ажыга карата прокуратурага арыз беришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9434



Добавить комментарий