Мира Жангарачева: «Жээнбеков менен Назарбаевди чын дилимден мактайм»

4 декабря 2017 21:49 880 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-вице-премьер-министр Мира Жангарачева чек арадагы кырдаалга карата Кыргызстан менен Казакстандын президенттерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жазган.

"Чын дилим менен мактап жатам, билбейм муну ким кылганын, эгер биздин президент Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Назарбаев менен биргеликте жасашкан болсо аларга ушул эки айдын ичинде кыйналган, бүтүндөй кыргыз элинин атынан ыраазчылык билдиребиз. Биз бүгүн түштөн кийин Алматыдан Бишкекке келдик. Айтсам ишенбейсиӊер – оор жүк ташыган, жеӊил унаалар, кезект күткөн кишилер чек арада көрүнбөйт. Бардык кабинкалар ачык, чек арадан өткөндөрдү, бизди сагынып калышкандай баары сылык мамиле жасашты. Кошуна өлкө менен жакшы алакада болуу кандай бакыт", - деп жазган ал.

Эске салсак, 2-декабрда, Кыргызстан менен Казахстан кызматташтык тууралуу жол картасына кол коюшкан. Ага ылайык, расмий Астана Кыргызстан менен болгон чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөлдү алып салган. Мындай макулдашуулар Минсткеги жыйында эки мамлекеттин президенттеринин жолугушуусунда сүйлөшүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content9429



Добавить комментарий