Сооронбай Жээнбеков Башкы штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алды

4 декабря 2017 13:49 392 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүү, Куралдуу Күчтөрдү башкаруу системасын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар, аскер кызматкерлердин социалдык камсыздоосун жана техникалык жабдуусун жакшыртууга, коргонуу жана тартипти бекемдөөгө багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берилди.

Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө бир катар жакшы реформаларды аткарып, материалдык-техникалык жана аскердик камсыздоону жакшыртканын белгиледи. «Эми бизде күчтүү, жакшы жабдылган армиябыз бар, биз өлкөнүн коргонуу жөндөмүнө ишенимдүү боло алабыз. Мында республиканын күч структуралары органдарынын экономикалык көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бөлгөн Алмазбек Атамбаевдин эмгеги чоң. Аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо, республиканын бардык аймактарында жаңы жана заманбап турак-жайларды куруу боюнча жумуштар уланат», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент мамлекеттик органдардын бардык тармактарында, анын ичинде Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү органдарында дагы коррупция менен күрөш улантылышы керектигин белгиледи.  «Укук коргоо органдарынын жана сот системасынын ишмердигиндеги айрым коррупциялык көрүнүштөр нааразычылыктарды жана коомчулуктун сын пикирлерин жаратууда. Бул жактагы коррупцияны жоюп, алардын негизги милдети жарандардын жана ишкерлик тармактын кызыкчылыктарын коргоо болушу керек. Биз бийликтин бардык бутактарындагы коррупция менен аеосуз күрөштү улантабыз», - деп белгиледи Мамлекет башчысы жана Башкы штабдын жетекчисинен бул багыттагы жумушту күчөтүүнү талап кылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9413



Добавить комментарий