Арзыбек Кожошев, КРнын экономика министри: «Бүгүнкү күндө кепилдик фонддун жалпы каражаты 282 миллион сомду түзөт. Биз бул сумманы дагы көбөйтөлү деп жатабыз»
-Арзыбек Орозбаевич, кепилдик фонд бүгүнкү күндө канча сом акча ишкерлерге берди жана келечекте канча сом дагы берилет?
-Кепилдик фонддон каражат негизинен ишкерлерге берилет. Кепилдик фонддун негизги түзүлгөн максаты бүгүнкү күндө бизде кичи жана орто ишканалар ички дүй 2,5 %ды түзөт. Көпчүлүгү банктан кредит алабыз дегенде өзүнүн күрөөсү жетпей калат. Ошондуктан ишкерлерибиз кредит алып иштесин деп былтыр кепилдик фонд түзүлгөн. Былтыр экономика министрлиги сунуштап, премьер-министр муну колдоп, бюджеттен 72 миллион сом бөлүп берген. Биз мындан тышкары башка донорлорго дагы кайрылганбыз. Азия өнүктүрүү банкы 3 миллион доллар берип, бүгүнкү күндө кепилдик фонддун жалпы каражаты 282 миллион сомду түзөт. Учурда кепилдик фонд 16 ишкерге кепил болуп берди. Бул деген 11 миллион сом берилди дегенди билдирет. Жылдын аягына чейин 500 миллион сом кепилдик акча беребиз деген максатыбыз бар. Мисалы эгерде кичиней ишкер бир миллион сом алам десе, ишкерде 500 миң гана сому болсо, бирок анын иши жакшы болсо, кепилдик фонд аны карап, 5 жылдан бери салыгын төлөйт экен, баардык иши жакшы бирок күрөөсү жетпейт экен деп туруп кандайдыр бир суммага кепил болуп берет. Мурдагы мыйзам боюнча 30% гана кепил болуп берчү. Азыр фонд 50% кепил болуп бере алат. Кепил болгондо баардык документтерди банк өзү кабыл алат бирок кепилдикти фонд берет. Ошондо биздин күрөөсү жок ишкерлерге кепилдик фонд иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бүгүнкү күндө кепилдик фонд тарабынан 5 банк менен келишим түзүлдү. Жылдын аягына чейин дагы акча алуучу көп ишкерлерге жакшы жардам болот. Кудай буйруса дагы донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Немец банкы менен сүйлөшүп жатабыз. Эгер алар макул болуп калса, фонддун 282 миллион сому дагы көбөйөт. Биз Россия-фондуна дагы кайрылдык. Алардан 10 миллион долларга чейин бергиле деп суранып жатабыз. Алар карап көрөбүз, иш жакшы жүрсө капитализацияга киребиз дешти. Бул жакшы нерсе, ишкерлерибизге жакшы жардам болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content941
Добавить комментарий ×