Баласын ичке тепкен, Сокулук Мамкаттоо кызматынын кызматкери иштен алынды
Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев, наристесин ичке тепкен Бариэр Адиев иштен алынат деп билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине өзү кабарлаган.
Ал билдиргендей, Адиев Сокулук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.
«Мен бул кызматкерди иштен кетирейин деп ниеттенип жатам. Мындай адеп-ахлакка жатпаган жүрүм-турумдагы инсандар Каттоо кызматында иштебеши керек»,-деди Догоев. Ал ошондой эле, Эмгек кодексинде, мындай иш-аракеттер үчүн атайын норма бар, ага ылайык, жетекчи кызматкерди жумуштан алууга укуктуу экенин кошумчалады.
«Азыркы тапта Каттоо кызматынын комиссиясы бул маселени тактап жатат»,-деди Догоев.
Белгилесек, буга чейин соцтармактарда видео жарыяланган. Анда эркек киши жерге жатып калган баланы буту менен тепкилегени тартылган. Коомчулуктун нааразычылыгынан улам, милиция ал адамды издеп таап, ал баланын атасы болуп чыккан. Адиевге карата Кылмыш кодексинин «Бейбашчылык» беренеси менен иш козголгон болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content9398
Добавить комментарий ×