Москвада 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын чүчүкулак кармамайы болду
Москвада футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын чүчүкулак кармамайы өттү.
Анда бардыгы болуп 32 курама команда катышты. Мурунку советтик республикалардын бири дагы чемпионатка өткөн жок. Россия мелдештердин ээси укугу менен турнирге автоматтык түрдө кирди.
Ушундай эле себептер боюнча россиялык тарап чүчүкулак кармоодо, эӊ күчтүү командалардын арасында, биринчи себетте болду. Бирок FIFAнын рейтингинде россиялыктар калган бардык катышуучулардан төмөндө: 65-орунда турат.
Командалар топтор боюнча төмөнкүдөй тартипте жайгашты:
- A тобу: Россия, Сауд Арабиясы, Египет, Уругвай
- В тобу: Португалия, Испания, Иран, Марокко
- С тобу: Франция, Австралия, Перу, Дания
- D тобу: Аргентина, Исландия, Хорватия, Нигерия
- E тобу: Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия
- F тобу: Германия, Мексика, Швеция, Япония
- G тобу: Бельгия, Панама, Англия, Тунис
- H тобу: Польша, Сенегал, Колумбия, Түштүк Корея.
Дүйнөлүк чемпионат россиялык спорттун допингге байланыштуу чатак фонунда болот. FIFA билдиргендей, Россиялык адистер, спортчуларды байкоого алуу иштерине жолотулбайт.
27-ноябрда белгилүү болгондой, Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта, эгер оюн учурунда расизм жаралса, судьялар алгачкы жолу, матчттарды токтотуу жана жокко чыгаруу укугун алышат.
Белгилесек, футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат 2018-жылы Россияда, 14-июндан 15-июлга дейре өтөт. Матчттар 11 шаардагы 12 стадиондо уюштурулат. Бул турнир тархыта эӊ кымбат оюн болмокчу. Аны уюштурууга 13 миллиард доллар каражат сарпталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content9383
Добавить комментарий ×