Нурлан Сарчаев Чүй областынын ИИББсинин жетекчиси болуп дайындалды
Поделиться в:
Нурлан Сарчаев Чүй областынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Аны жеке курамга тааныштырышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
42 жаштагы Сарчаев 1993-жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келет, ал милициянын полковниги. Бишкектин райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп, Нарын областынын ИИБсин жетектеп келген. «Даӊк» мамлекеттик ордени менен сыйланган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9379
Добавить комментарий ×