Жер ортолук деңиз 74 мигранттын сөөгүн сүрүп чыгарды. Себеби эмнеде?
21-февралда Ливиянын Кызыл Жарым Ай коому Ливиянын түндүк-батышында жайгашкан Эз-Завия шаарынын жээгинен 74 мигранттын денеси табылгандыгын кабарлады. Fars агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Жер Ортолук деңиз 74 мигранттын денесин Эз-Завия шаарынын жээгине сүрүп чыгарганын Ливиянын Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз катчысы Мухаммад аль-Мисрати билдирген. Ал жээктен табылган мигранттардын чөгүп кетүү себептери айкын эместигин маалымдаган. «Кызыл Жарым Ай”-коому жээктен табылган мигранттардын сүрөттөрүн «Twitter» бетине жарыялап, табылган денелер тезинен Триполи көрүстөнүнө өткөрүлөт деп жарыялаган. Буга чейин, Ливиянын жээк күчтөрүнүн басма сөз катчысы бригадир Аюб Кассим бир аптанын ичинде Сабрата шаарынын жээгинен кеминде 1131 мигрант кармалгандыгын маалымдап, кармалган мыйзамсыз иммигранттар, анын ичинде көптөгөн аялдар менен балдар бир нече африкалык өлкөлөрдүн жарандары болгондугун белгилеп өткөн
Ссылка: https://barometr.kg/content937
Добавить комментарий ×