Кыргыз делегациясы чек ара тууралуу сүйлөшүүлөр үчүн Астанага учуп кетти
Поделиться в:
Кыргызстандын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгуловдун башчылыгындагы делегациясы, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууда жол карта долбоорун талкуулоо боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн бүгүн, 1-декабрда Астанага учуп жатат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Сүйлөшүүлөр, Минсктеги ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеӊешинин маарекелик жыйынынын алкагында, Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу максатында өткөрүлмөкчү.
Делегациянын курамы:
- КР өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары,
- Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Уметалиев,
- Экономика министри Артем Новиков,
- Тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев,
- Транспорт жана жолдор министринин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Мамыркалиев,
- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов,
- Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов,
- Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов,
- Ветеринардык жана фиотсанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов,
- Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басарынын милдетин аткаруучу Кубатбек Жеенбаев,
- КР өкмөт аппаратынын курулуш, транспорт жана байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдралиева.
Ссылка: https://barometr.kg/content9366
Добавить комментарий ×