Үйдөгү жин-шайтанды кууп чыгаруу үчүн атасы баласын курмандыкка чалган
Индиянын жашоочусу, анын үй-бүлөсүн тажатып, балакеттерди алып келген үйүндө жүргөн жиндерден арылуу үчүн, сыйкырчыга кайрылган. 19 жаштагы сыйкырчы, тургунга баласын курмандыкка чалууну буйурган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Ал эми 39 жаштагы Рам Гопаль Патель сыйкырчынын сөзүнө ишенип, 13 жаштагы уулун балта менен башка чап жыгытат. Бул учурда сыйкырчы өспүрүмдү кастрация кылып, жерге жаткырган абалда таштап коет.
Бала көп кан кетиргендиктен ошол жертен жан берген. Анын апасы баласынын өлүп жатканын көргөндө шок абалга келген.
Бул окуядан кийин баланын атасы менен сыйкырчы камакка алынган.
Белгилесек, 2015-жылы Индияда 135 киши сыйкырчылардын курмандыктары болушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content9357
Добавить комментарий ×