Күйүүчү-майлоочу майлардын баалары жылдын аягына чейин өзгөрбөйт
Кыргызстанда 2017-жылдын аягына дейре күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалар өзгөрбөйт. Бул тууралуу маалымат жыйында Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеӊешбай Тайлаков билдирди. Анын маалыматы боюнча, кечээ Бишкекте Кыргызстандын нефтетрейдерлеринин катышуусунда жумушчу топтун жыйыны болду. Анда ушул жылдын аягына чейин майлоочу майлардын баалары ошол боюнча калат деп сүйлөшүлдү.
«Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын бааларын түзүү негизинен сырткы факторлордон көз каранды. Үстүбүздөгү жылы сентябрга дейре алардын баалары туруктуу болду. Сентябрдан азыркы мезгилге чейин болсо майлардын баасы 4төн 5 пайызга дейре жогорулаганы байкалды. Бул, россиялык өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу майлардын дүӊ жана базарга өткөрө турган баасын 5 пайызга чейинки көлөмдө жогорулатуусуна байланыштуу»,-деп түшүндүрдү ал.
Тайлаков белгилегендей, Кыргызстандын базарына күйүүчү майлардын 80%ы Россиядан алынып келет жана алардын баалары көпчүлүк учурда импорттоочулардан көз каранды.
Ссылка: https://barometr.kg/content9350
Добавить комментарий ×