Кара-Балтада авариялык абалдагы кышкы бассейн жабылды
Поделиться в:
Чүй областынын Кара-Балта шаарында, имараттын жабуучу плиткалар авариялык абалда болгонуна байланыштуу, «Манас» спорт комплексинин кышкы бассейнди эксплуатациялоо токтотулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынан билдиришти.
Аталган ведомствонун инспекторлору, Кара-Балта мэриясынын өкүлдөрү, шаардык жергиликтүү кеӊешинин депутаттары жана аталган спорт комплексинин директору менен биргеликте комиссиялык текшерүү жүргүзүштү.
Комиссия тарабынан, келүүчүлөрдү, анын арасында жаш балдардын коопсуздугу үчүн кышкы бассейнди жабуу чечими кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content9347
Добавить комментарий ×