Аламедин районунда эки кабаттуу турак жай күйүп кетти
Поделиться в:
Чүй областынын Аламедин районунда ири өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалын Лебединовка айылынын Комсомол көчөсү боюнча жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн 5 бөлмөсүн каптап, 250 чарчы метр аянт, ошондой эле, үйдөгү эмеректердин баардыгы толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби: электр жабдыктарын монтаждоо эрежелерин бузуу.
Ссылка: https://barometr.kg/content9345
Добавить комментарий ×