Кыргызстанда бир сутка ичинде он өрт катталды

1 декабря 2017 11:33 448 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бир суткада, 30-ноябрдан 1-декабрга караган күнү 10 өрт катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Чүй областындагы Ысык-Ата районундагы Сын-Таш дачаларында эки кабаттуу үйдүн, 60 чарчы метрлик аянттагы чатыры күйүп кеткен. Натыйжада “Тойота Ленд Крузер Прадо” унаасы, ошондой эле, "Ветер” карабина менен 12 мм "Иж-43” калибра өрттөнгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9342



Добавить комментарий