Майыптар коомунан 210 млн 412,4 сомго товар сатып алынды

22 февраля 2017 14:11 410 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул тууралуу  Каржы министрлигинен кабарлашты. Министрликтин  маалымат кызматы “ 2016-жылы сатып алуучу уюмдар майыптар коомдорунан 210 млн 412,4 миң сомго товарларды сатып алышты. 2016-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды мамлекеттик колдоого алуу, социалдык жактан коргоо жана жумуш менен камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы №50 “Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун ишканалары чыгарган товарлардын ассортименти жана көлөмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 26-октябрындагы №172 буйругу менен бекитилген”-деп билдирүү таратты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content934



Добавить комментарий