Бишкекте интерпол издеп жаткан Израилдин жараны кармалды
Поделиться в:
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Алардын билдиргенине таянсак Бишкек шаарынын Токтолу жана Калык Акиев атындагы көчөчөлөрүнүн кесилишинде Израилдин интерпол агенттиги издеген жараны кармалды. Ал Казакстанда “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн. Учурда ал эки айлык камакка алынды. Эми аны Казакстанга өткөрүп берүү операциясы жүргүзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content930
Добавить комментарий ×