Кыргызстандын өкмөтү тамекинин баасын көтөрүп жатат

30 ноября 2017 12:02 879 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын өкмөтү, тамеки колдонууну кыскартуу жолу аркылуу, калктын саламаттыгына кам көрдү.

Премьер-министр Сапар Исаков ушул жылдын 21-ноябрында, өкмөттүн «Фильтрлүү жана фильтри жок тамекилерге минималдуу чекене бааларды коюу боюнча» өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» буйругуна кол койду.

Ага ылайык, фильтри менен жана фильтрсиз тамекилердин минималдуу чекене баалары төмөнкүдөй түрдө түзүлүп жатат:

Убакыт                                                                             20 тамеки үчүн минималдуу чекене баа

2018-жылы 1-январдан 2018-жылдын 31-декабрына чейин кошо эсептегенде 50 сом

2019-жылы 1-январдан 2019-жылдын 31-декабрына дейре 60 сом

2020-жылы 1-январдан 2020-жылдын 31-декабрына чейин 70 сом

2021-жылы 1-январдан 2021-жылдын 31-декабрына чейин 80 сом

2022-жылы 1-январдан тартып 90 сом

 

Токтом 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content9299



Добавить комментарий