Мамашова: «Азыркыга чейин көп аял алгандар жазалана элек. Тескерисинче аялдары менен мактанышууда»

30 ноябрь 2017 11:44 837 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 30-ноябрда, парламенттин жыйынында, «Ата Мекен» фракциясынан депутат Айсулуу Мамашева көп аялдуулук боюнча мыйзамдын аткарылышын талап кылды.

Ал, мыйзам боюнча, көп аял алгандарга эки жыл камакка алуу чарасы каралган деп эске салды.

Бирок, депутат билдиргендей, бул мыйзам иштебей жатат.

"Мыйзам иштебей жатат, көп аял алган бир дагы эркек дале жазалана элек. Ошондойбу? Тескерисинче, эркектер бир нече аялым бар деп мактанышууда. Аялдар болсо экинчи аялдыкка мажбур түрдө барып жатышат, анткени социалдык көйгөйлөр чечилген эмес. Натыйжада бизде, толук кандуу үй-бүлө эмне экенин билбеген муун өсүп келатат. Бизде үй-бүлө институту деген түшүнүк жоголуп кеткен", - деп нааразы болду депутат.

Мамашова, мыйзамды аткарууну камсыздоо үчүн премьер чараларды көрүшү керек деп кошумчалады.

"Көп аял алган эркектерди мыйзам чегинде жазалаш керек. Бирок бизде нормалар иштебей келет. Премьер чара көрүүсү зарыл", - деди Мамашова.

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген болчу.

Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.

"Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Соцтармактарда бул видео талкууга алынды.

Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү адамдардын нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар Чубак ажыга карата прокуратурага арыз беришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9297



Добавить комментарий