Беловодск айылында айдоочу аялды сүзүп кетип, ал каза тапты
Поделиться в:
Чүй областынын Москва районуна караштуу Беловодск айылында автоунаанын айдоочусу аялды сүзүп кетип, натыйжада жаран каза тапкан. Бул боюнча укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жол кырсыгы кечээ, 29-ноябрда, кечки саат жетилерде болгон. Алган жаракаттарынан улам, 1963-жылы туулган О.У. аттуу аял ошол жерден мерт кеткен.
Учурда окуяга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9289
Добавить комментарий ×