Казакстан, Кыргызстандан барган аткезчилик тууралуу: "Биз эмне аны мурун билчү эмес белек?»

29 ноября 2017 18:30 682 Barometr
Поделиться в:
ok

«Атамекен» улуттук ишкерлер палатасы президиумунун төрагасы Тимур Кулибаев Бажы көзөмөл системасын бизнеске ылайыктуу кылууга чакырды. Бул тууралуу ал президиумдун жыйынында билдирди.

"Бажыга суроолор толуп кетти… кыргыз чек арасында суроолор жаралууда. Жана Кыргызстан тараптан келаткан мыйзамсыз бажы боюнча жүздөй иш козгошту. Бул эмнени айтып жатат? Бул, чек арада кырдаал кыйындады дегенди билдирет, көрсө ал жакта ири аткезчилик болуп жатыптыр. А эмне биз муну мурун билчү эмес белек?",-деди ал.

Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн абал, Казакстандын бажы көзөмөл системасында көйгөй бар дегенди көрсөтүп турат.

"Биринчиден, сөзсүз түрдө, бул процессти биздин керектөөчүлөр үчүн ыӊгайлуу кылышыбыз керек, экинчиден, бажы комитетине жүктөлгөн функциялар чыны менен аткарылышы үчүн, бажы төлөмдөрүнүн эсебинен өлкөнүн бюджетин толтуруу керек",-деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9272



Добавить комментарий