Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Россияга учуп келди

29 ноября 2017 14:41 602 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, россиялык тараптын чакыруусу менен Россия Федерациясына  алгачкы чет элдик сапарына учуп келди.

 Мамлекет башчысы  Россия  Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар кыргыз-россиялык  эки тараптуу  кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле  Евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикменин алкагында  өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулайт.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен дагы жолугушат.

 Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Беларусь Республикасына барып, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9259



Добавить комментарий