Кыргызстандык тургун: «Сирияга барып катуу жаӊылдым, көз алдымда балдар, аялдарды өлтүрүп жатышты»

29 ноября 2017 13:37 1457 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун тургуну Алишер, диний экстремизм жана терроризм идеологиясынан өз эрки менен баш тартууну талкуулоо боюнча иш-чарада, Сирияда жүрүп келген күндөрүн айтып берди.  

Алишердин айтымында, ал Россияда иштеп жүргөндө социалдык тармактардан Түркияда жашаган балдар менен таанышып калган.

 

«Мен алардын сөзүнө ишенип, чогулткан акчамдын баарын Сирияга кетүү үчүн жумшадым. Балдар түрдүү видеолорду жиберишип, алардын версиясы боюнча азыр Сирияда эмнелер болуп жатканын жазышкан. Көрсө ал балдар ыйык Курандагы бардык хадистерди бурмалап, туура эмес көрсөтчү экен. Ошентип мен Түркияга билет алдым, ал жактан мени 2 киши тосуп алышты. Түркиянын чек арасынан мени бир арабга тапшырышты. Чек арадан адамдардын тобу менне чогуу өтүп баратсам, бизди түрк чек арачылары көрүп калып аткылай башташты. Ошондо мен шок абалында калдым. Анан Сириянын аймагына келгенде мени бир шаарга алып кетип, 20 белгисиз адамдарга кошуп салышты. Мага, Сирияда баары ынтымактуу деп айтышкан, бирок андай эмес экен. Бизди ошентип физикалык жактан машыктырып башташты.

Тамак ичүүгө бир аз эле убакыт бөлүнчү. Жарымы ураган, тегерек-чети тосулган, бетондон жасалган имараттын ичинде түнөчүбүз. Мени менен чогуу болгон балдар ыйлап, чыдабай кетишкен. Мен ал жакта дагы башка кыргызстандыктар бар беле билбейм, анткени баарыбызга бири-бирибизге каяктан болорубузду айтууга тыюу салынган. Кийин мени башка шаарга алып кетишти. Ал жакка учак менен бомба алып келишти. Менин көз алдымда кичине балдар менен аялдар өлүп, бүлгүнгө учурап жатты. Муну көргөндө жүрөгүм катуу ооруду, чыдай албай качуунун жолун изде баштадым. Эптеп-септеп чек арага чейин чуркап келдим, бирок мени Түркиянын чек арачылары атып салат деп аябай коркуп жаттым. Мен солярка ташыган бир кишиге келип жалынып баштадым. Ошентип ал киши мага чек арадан өтүүгө жардам берди. Калган акчама Стамбулга кетүүгө билет сатып алдым. Ал жактан интернет аркылуу атама телефон чалдым. Атама, Сирияга барам деп катуу жаӊылганымды айттым. Ата-энем мага Стамбулдан Россияга учуп келишим үчүн электрондук билет алышты. Ошентип Россиядан мени Кыргызстанга депортациялашты»,-деп айтып берди тургун.

Алишер, мекенине кайтып келгенде милицияга өзү барып, окуянын барын айтып бергем деп кошумчалады.

«Сирияда жихад жок деп айтып кетейин. Ар түрдүү видео менен калп сөздөргө ишенбегиле мага окшоп. Сириядагы аскер иш-аракеттерине катышуу үчүн мага эч ким акча сунуштаган эмес, тескерисинче мен өзүмдүн акчамдын баарын короттум»,-деп баса белгиледи ал.

Белгилесек, маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад областынан 130 киши Сирияга кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content9257



Добавить комментарий