2018-жылы бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырат
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 2017-жылдын 21-ноябрында, өкмөттүн, административдик кызматтагы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө, мамлекеттик тилди билүү деӊгээлин орнотуу тууралуу токтомго кол койду.
Ага ылайык, жогорку, башкы, ага жана кенже административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик жарандык кызматкерлер менен муниципалдык кызматкерлер мамлекетик тилди төмөнкүдөй деӊгээлдерде билүүгө милдеттүү:
базалык деӊгээл (А2) - 2019-жылдан баштап;
средний деӊгээл (В1) - 2020-жылдан тартып;
ортодон жогорку деӊгээл (В2) - 2021-жылдан баштап.
Билим берүү жана илим министрлигине 2018-жылдын 1-мартынан баштап, окутуучулар үчүн методикалык сунуштамаларды жана «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деӊгээлин аныктоо системасынын талаптарына ылайык мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн окуу китептерин иштеп чыгуу тапшырылды.
Демек, 2018-жылдын 1-мартынан тартып бардык мамлекеттик кызматчылар менен муниципалдык кызматкерлер үчүн массалык милдеттүү түрдө тестирлөө өткөрүлмөкчү.
Муну менен бирге тестирлөөдөгү А2 деӊгээлиндеги жыйынтыктар 2018-жыл ичинде таанылбайт. Мындай мамлекеттик кызматкерлер, кайрадан тестирлөөдөн өтүү үчүн маморгандар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын каражатынын эсебинен окутулат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9255
Добавить комментарий ×