Сузакта унаасы менен тургунду сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Поделиться в:
Жалал-Абад областында болгон жол кырсыгынан бир киши каза тапты. Бул тууралуу аталган областык ички иштер башкармалыгы билдирди.
27-ноябрдан 28-ноябрга караган түнү, Сузак районунда Бишкек-Ош автожолунун 582-чакырымында белгисиз унаа 1978-жылы туулган, Рустам Мамытов аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп кеткен. Унаанын айдоочусу изин жашырган.
Патрулдук милициянын кызматкерлери ал айдоочуну, тактасак, Өзгөн районунун жашоочусу, «Хундай-Старекс» үлгүсүндөгү автоунааны башкарган Ж.У.К. аттуу жарандык колго түшүрүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content9249
Добавить комментарий ×