Кепилдик фонд жарандарга 11 млн сом берди

21 февраля 2017 16:23 1189 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев   «Ишкердиктин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн «Кепилдик фонд» ААК аркылуу жогорулатуу жана мамлекеттик жеке-өнөктөштүк» деген аталыштагы  маалымат жыйынында айткан сөзүнө ишенсек Кыргызстанда Кепилдик фонд 2016-жылдын ноябрында түзүлүп, бүгүнкү күндө 11млн сом суммасында 16 кепилдик берди.  Бүгүнкү күндө Фонддун капиталы  282 млн сомду түзүп, азыркы кезде 11млн сом суммасында 16 кепилдик берилди», – дейт Данияр Иманалиев.  Ал эми «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров маалымдагандай, Фонд өз ишин 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта баштаган жана жалпы суммадан 1.5% кепилдик берген, ошондой эле. 2017-жылдын 1-мартынан тарта 2.5% кепилдик бере баштайт.

 

.

Ссылка: https://barometr.kg/content924



Добавить комментарий