Кеминде жаран үйүнө келген коногун бычак сайып өлтүргөн
Чүй областына караштуу Кемин районундагы Боролдай кыштагында эркек киши түн ичинде дасторкон үстүндө тойлоп отурган убакта өзүнүн коногун бычак менен сайып жиберген. Ал ошол жерден мерт кеткен. Бул тууралуу областык ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылы 24-ноябрда, болжол менен саат 02:00дө Кемин районунун ИИБсинин күзөт бөлүмүнө «Боролдай кыштагындагы үйлөрдүн биринде адамды өлтүрүп коюшту» деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган. Анда, 33 жаштагы, Б.У. аттуу жергиликтүү тургун, «Мика» аттуу таанышы менен чогуу алкогол ичимдигин колдону жатышканы аныкталган.
Такталгандай, дасторкон үстүндө отурушканда, экөөнүн ортосунда келишпестик чыгып кетип, Б.У. берки тургунга бычак сайган. Бычактан алган жаракаттарынан улам жаран ошол жерден каза тапкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө, маркум 40 жашта, Кемин районундагы Алтымыш айылынын жашоочусу экени аныкталган.
Кемин РИИБси бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 33 жаштагы Б.У. аттуу жаран кармалып, иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9228
Добавить комментарий ×