Сооронбай Жээнбеков биринчи чет элдик иш сапары менен Россияга барат
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун алгачкы чет элдик иш сапары менен 29-ноябрда Россияга барат. Бул тууралуу брифингде КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди. Маалымдалгандай, иш сапар россиялык тараптын чакыруусу менен болот.
«Бул Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчы катарында биринчи чет элдик иш сапары болмокчу. Бул, тышкы саясий курс Россия менен кызматташтыкты бекемдөө жана тереӊдетүүгө багытталат дегенди билдирет», - деди ал.
Субакожоева белгилегендей, сапардын алкагында Жээнбековдун Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалып жатат. Анда мындан аркы кызматташтык талкууланып, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
Мындан тышкары, Жээнбеков Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуп, тараптарлар соода-экономикалык мүнөздөгү маселелерди талкуулакмакчы.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти кызматына расмий түрдө 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content9219
Добавить комментарий ×