Ысык-Көлдө тургундардан эки килограммдан ашуун маӊзат алынды

28 ноября 2017 16:18 498 Barometr
Поделиться в:
ok

«Притон» операциясынын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Нарын жана Ысык-Көл областтары боюнча баӊгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан, Түп районунда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулду.

Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана түндүк бажы кызматынын кинологдору тарабынан, Түп айылында 36 жаштагы тургун кармалды. Т.Нурлан аттуу жарандан 1 кг 900 грамм салмактагы марихуана табылган. Ал эми Корумду айылынан болсо 27 жаштагы, В.Максим аттуу жаран кармалып, андан 420 грамм маӊзат аныкталып, алынган.

Түп райондук ИИБсинин иликтөө кызматы тарабынан эки факт боюнча, 246-беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9216



Добавить комментарий