Бишкектен Сокулуктагы тергөө абагынан качып кеткендердин экөөсү кармалды

28 ноября 2017 09:37 545 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушул жылы 27-ноябрда, саат 23:00дө «Сирена» ыкчам планын жүргүзүү учурунда, Бишкектеги Биринчи май районунун аймагында, Сокулуктагы тергөө абагынан качып чыккан эки киши кармалды. Бул тууралуу КРдын ИИМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кармалгандар:

-  Базаркулов Рамиль Муктарбекович 16.07.1979-жылы туулган, Чүй областынын Сокулук районунун тургуну, КРдын Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча («Адам өлтүрүү») камалган.

-  Дилдешов Бакыт Чыныбекович 04.03.1979-жылы туулган, Талас областынын тургуну, Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча (Талоончулук) айыпталган.

Калган качып кекеткендерди кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9193



Добавить комментарий