Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайдан качкандардын сүрөтү жарыяланды

27 ноября 2017 13:01 541 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областында убактылуу кармоочу жайдан качып чыккан 4 кишини кармоого багытталган иш-чаралардын комплекси өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу КРдын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан маалымдашты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-ноябрда, болжол менен эртеӊ мененки саат алтыларда, Сокулук районунун ИИБсинин убактылуу кармоочу жайынан, талоончулук менен адам өлтүрүүгө айыпталган, кармалган 4 кылмышкер качып чыккан. Алар белгисиз багытка жашынып калышкан.

Учурда аларга издөө жарыяланып, ага Чүй областык ИИББсинин бардык жеке курамы менен ИИМнин ыкчам иликтөө кызматтары тартылды.

Көӊүл бургула, издөө!

- Базаркулов Рамиль Муктарбекович, 16.07.1979-жылы туулган, Чүй областынын Сокулук районунун тургуну, КРдын Кылмыш кодексинин («Адам өлтүрүү») 97-беренеси боюнча айыпталган. Кийген кийими: чыптама, шым, кара түстөгү бут кийими болгон

- Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, 22.01.1985-жылы туулган, Түркмөнстандын тургуну, «Талоончулук» беренеси боюнча камакка алынган. (Штамп, документ, печаттарды уурдоо, жок кылуу, бузуу, жашыруу). Кийимдери: ак түстөгү шапка, көк жинсы куртка.

- Дилдешов Бакыт Чыныбекович, 04.03.1979-жылы туулган, Талас областынын жашоочусу, «Талоончулук» беренеси менен камалган.
Кийимдери: Шапка жана кар түстөгү куртка.

- Жанботоев Кайрат Байызбекович, 23.09.1989-жылы туулган, Чүй областынын тургуну, Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча айыпталган ("Адам өлтүрүү").
Кийимдери: кара түстөгү чыптама.

Булар тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды дароо ички иштер органдарына кабар берүү же төмөнкү телефондор аркылуу кайрылуусун өтүнөт: Чүй областынын ИИББси 0312 43 88 91, 0312 43 88 85, ИИМ күзөт бөлүмү – 0312 66 23 31.

Бул факт боюнча материалдар, юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9167



Добавить комментарий