Алматыдан Бишкекке учуп келе жаткан учак коно албай кайра кетти
Поделиться в:
Алматыдан учуп келе жаткан учак Бишкектеги аэропортко, каптаган тумандан улам коно албай койду. Бул тууралуу басылмалар билдирди.
Туруксуз аба ырайынан улам Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда бир каттам калтырылды жана 2 каттам токтотулду.
Алматыдан Бишкекке учуп келаткан учак Кыргызстандан коно албай кайра учуп кетти.
Каттам эртеӊ, 28-ноябрга жылдырылды.
Аэропорттун диспетчеринен билдиришкендей, Ошко сапар тарта турган эки каттам токтотулду.
Учурда аэропорт штаттык тартипте иштеп жатат
Ссылка: https://barometr.kg/content9165
Добавить комментарий ×