«Куакы» ашуусунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Бөлүшүү:
Кечээ, 26-ноябрь күнү, Бишкек-Торугарт автожолунун 169 чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын тарапты көдөй багыт алган "Тойота Карина" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, "Куакы" төө ашуусунан унааны башкара албай калып, натыйжада автоунаа жолдун четине чыгып, көпүрөдөн сууга кулап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам: унаанын айдоочусу, 1964-жылы туулган Ж.М., жүргүнчүлөр: 1964-жылы туулган аял, 27 жаштагы кыз жана бир жаштагы кичинекей кыз каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content9145
Добавить комментарий ×