Депутат Бокоевдин кызынын абалы туруктуу
Поделиться в:
ЖК депутаты Кенжебек Бокоевдин кызынын абалы туруктуу.
Эске салсак, 2000-жылы туулган Айгерим Бокоева 12-кичи районундагы үйүнүн подъездине кирип баратканда белгисиз адам аны бычак менен бут тушка сайып, андан кийин сумкасын алып качкан. Азыркы тапта кыз жандандыруу бөлүмүнөн хирургия бөлүмүнүн палатасына которулду.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ага Бишкектин ИИББси менен Октябрь райондук ИИБсинин бардык кызматкерлери тартылды.
Милиция учурда жаранды издеп жатат. Кылмыш иш козголуп иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9124
Добавить комментарий ×