Мэрия Бишкекте мыйзамсыз салынган курулуштар, жарнамаларды алып жатат

25 ноября 2017 13:44 605 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан, «Бишкек шаарынын көчө-жол түйүнүн өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу максатында, мыйзамсыз курулган курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ахунбаев көчөсүндө, «Көк-Жар» конушунда Көк-Жайык менен Көк-Жаӊгак көчөлөрүнүн кесилишинде бейбаштык кылып салынган узундугу 10 метр болгон металл дарбаза алынды.

Ошондой эле, жолду ээлеп калган «Сонун» дүкөн алынды. Буга чейин ээлерине башкармалык тарабынан эскертүү берилген, бирок мөөнөтүндө билдирүүгө маани берилбегендиктен, учурда объекттер мажбур түрдө ордунан алынып жатат.

Мэрия ошондой эле, “Тазалык” ишканасы менен биргеликте, Чүй проспектиси боюнча, Логвиненко көчөсүнөн Манас проспектисине дейре, жана андан резиденцияга чейинки мыйзамсыз орнотулган 55 даана жарнама конструкциясы жана 10 баннер демонтаждалды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9120



Добавить комментарий