Мохаммед Абдуллахи жардырууну уюштургандарды тапкан адамга 100 000 доллар убада кылды

20 февраля 2017 18:19 376 Barometr
Поделиться в:
ok

Сомалинин борбор шаары  Могадишодо болгон жардыруудан каза тапкандар саны отуз төрт кишиге жетип, элүүсү жаракат алды. Жергиликтүү бийлик шаардын түштүк тарабында жардыргыч шыкалган унаа жарылды деп кабарлаган. Жардыруу орун алган жердеги имараттардын көбү зыянга учураган.   Сомалиде февраль айында жаңы Президент болуп Мохаммед Абдуллахи Мохаммед шайлангандан бери биринчи жолу жардыруу орун алды. Президент бул теракты таптакыр тескери кабыл алганын айтып, уюштургандар "Аль-Шабааб" тобу экендигинде шек жок экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы жардырууну уюштургандар боюнча маалымат берген кишиге 100 миң АКШ долларын сыйлык катары берүүнү убада кылып элине сабырдуулук тиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content912



Добавить комментарий