Бүгүн Биринчи май райондук соту Канат Исаевге карата чечим чыгарат
Бүгүн, 25-ноябрда, Биринчи май райондук сотунда, «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иш боюнча жыйын болот.
Исаевдин кызы Бермет Исаеванын маалыматына ылайык, бүгүн жыйында анын атасына карата соттун өкүмү чыгышы мүмкүн.
Эске салсак, 30-сентябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) парламент депутаты Канатбек Исаевди кармаган.
УКМКнын материалы боюнча, Башкы прокуратура тарабынан, Исаевге карата массалык башаламандыкты уюштуруу жана бийликти күчтөп тартып алууга даярдык көргөн деп айып тагылган.
УКМК Исаевден тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын билдирди. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча Исаев эгер президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо утулуп калса массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшкөн.
Ошондой эле Канат Исаевге байланышкан видео да жарыяланган.
Биринчи ролик "Бийликти басып алуу боюнча криминалдын сүйлөшүүсү (Бабанов — президент, Исаев — спикер, Төрөбаев — премьер-министр)" деп аталат. Экинчисинин аталышы "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминалды даярдаган!". Үчүнчү тасма "Канатбек Исаев криминалга согушкерлерди даярдоо үчүн миллион берип жатат" деген аталыш менен чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/content9117
Добавить комментарий ×