Канат Жумагазиев жол коопсуздук кыймылы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

24 ноября 2017 17:37 1592 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын полковниги Канат Жумагазиев Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жол коопсуздук кыймылын камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жумагазиев Канат Сагынович 1977-жылы, 10-февралда туулган. Ал 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Юриспруденция» адистигин аяктаган.

Ички иштер органдарында 1997-жылдан бери иштеп келет. Алгач КРдын ИИМнин коргоо башкармалыгынын милиция полкунун милиционер кызматынан баштаган.

К.Жумагазиев жетектөөчү кызматтарда: Бишкек шаардык ИИБсинин Кылмыш издөө башкармалыгынын бөлүмүнүн началнигинин орун басары, Ленин райондук ИИБсинин Кылмыш издөө бөлүмүнүн жетекчиси, Ленин райондук ИИБсинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2016-жылдын июль айынан 2017-жылдын ноярына дейре ал Чүй областык ИИББсинин жетекчиси болуп эмгектенген.

Ссылка: https://barometr.kg/content9106



Добавить комментарий